Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги өзүнүн расмий сайтын жаңыртып, инвесторлорду жана бизнес коомчулугун колдоо максатында чат-ботту ишке киргизди

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги өзүнүн расмий сайтын жаңыртып, инвесторлорду жана бизнес коомчулугун колдоо максатында чат-ботту ишке киргизди

 

2025-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жаңыланган расмий веб-сайтын жана инвестициялык кызматтарды санариптик трансформациялоонун алкагында иштелип чыккан жаңы чат-ботту ишке киргизди.

Улуттук агенттиктин жаңыртылган веб-сайты
Жаңы веб-сайт инвесторлор үчүн бардык керектүү ресурстарды чогулткан заманбап маалымат порталына айланды. Платформа Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, мыйзамдар, мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле актуалдуу жаңылыктар жана талдоолорду камтыйт.

Веб-сайтта оңой навигация, заманбап дизайн жана бир нече тилде колдонуу мүмкүнчүлүгү бар, бул аны кеңири эл аралык аудиторияга жеткиликтүү кылат.
Веб-сайтты төмөнкү ссылка аркылуу көрө аласыз: https://invest.gov.kg/ru/

Инновациондук чат-бот
Кыргызстандын мамлекеттик секторунда мындай деңгээлдеги чат-боттун ишке кириши өзүнчө жетишкендик. Ал Улуттук агенттиктин бардык расмий социалдык медиа каналдарына интеграцияланат жана ошондой эле жаңыланган веб-сайтында жайгаштырылат. Чат-бот инвестициялык ишмердүүлүккө, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасындагы долбоорду ишке ашырууга байланышкан жол-жоболорго тиешелүү бардык суроолорго жооп бере алат.
Ал бир нече тилде – кыргыз, орус, англис, кытай, араб жана башка тилдерде баарлашууну колдойт жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген инвесторлор менен байланышты мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ылдам кылат.
Чат-ботту азыр Telegramдан сынап көрсөңүз болот: https://t.me/Invest_Kyrgyz_AI_bot
Жаңыланган веб-сайттын жана чат-боттун бет ачары 2025-жылдын 7-октябрында болуп өттү. Алардын ишке кириши санариптик кызматтарды өнүктүрүүдө жана өкмөт менен бизнестин ачык диалогун бекемдөөдө маанилүү кадам болоору белгиленди.

Мындан тышкары, Улуттук агенттик өзүнүн YouTube каналын тартуулады – www.youtube.com/@НАИ.при.ПКР – анда Улуттук агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу видеороликтер, интервьюлар жана маалыматтык роликтер жарыяланат.