Hadi Teherani Group менен заманбап санариптик жана «жашыл» энергетика тармагындагы кызматташтык талкууланды

Hadi Teherani Group менен заманбап санариптик жана «жашыл» энергетика тармагындагы кызматташтык талкууланды

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев Hadi Teherani Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда заманбап санариптик жана энергетикалык инфраструктураны түзүүгө багытталган инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты. Долбоор AI-дата-борборду (маалыматтарды иштетүү борбору) жана «жашыл» суутек өндүрүүчү хабды түзүүнү камтыйт. Сунушталган концепция өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын пайдаланууну, энергияны сактоо системаларын (BESS) киргизүүнү жана дата-борборлордон чыккан жылуулукту натыйжалуу пайдаланууну карайт.

Белгиленгендей, долбоор санариптик суверенитетти бекемдөөгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, технологияларды трансфер кылууга жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантуу жана долбоордун параметрлерин мындан ары иштеп чыгуу боюнча макулдашышты.