Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси болуп дайындалды

Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин секретариатынын жетекчиси болуп дайындалды.

Улуттук кеңештин негизги максаты – санариптик финансы тармагында туруктуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, блокчейн-технологияларды киргизүү, нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана санариптик экономиканын инновациялык өсүшүн стимулдаштыруу болуп саналат.

Фархат Иминов санариптик инновациялар, финтех жана инвестициялык өнүгүү тармагында кеңири билимге жана практикалык тажрыйбага ээ. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору катары ал кыска убакыт ичинде олуттуу жыйынтыктарга жетишкен.

2025-жылдын апрелинен августуна чейин Агенттик тарабынан 45тен ашуун иш-чара, анын ичинде эл аралык жана эки тараптуу инвестициялык жана бизнес-форумдар уюштурулду. Нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча ири иштер аткарылып, 12-августта Президент «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» жаңы мыйзамга кол койгон, ошондой эле «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген.

Мындан тышкары, өлкө үчүн маанилүү болгон ири долбоорлор боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлуп, форумдук ишмердүүлүк талданган жана инвестициялык долбоорлордун реестри жаңыртылган. Бул ийгиликтер Фархат Иминовдун жетекчилиги алдында Агенттиктин жана ага караштуу уюмдардын кесипкөйлүк менен биргелешип иштөөсүнүн натыйжасы болду.

Жаңы кызматка дайындоо өлкөнүн санариптик трансформация багытынын стратегиялык маанисин жана жогорку деңгээлдеги ишенимди чагылдырат. Анын жетекчилиги астында Улуттук кеңештин секретариаты мамлекеттик институттар, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыкты күчөтүп, Кыргыз Республикасында заманбап санариптик экосистеманы калыптандырууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.