Эне тил – улук мурас!

Кыргызстандын жарандарынын орток баалуулугу болгон мамлекеттик тил күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде да өзгөчө шаң менен белгиленди.
Мекеменин башчысы Равшанбек Сабиров кызматкерлерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктап жатып “Мамлекеттик тил – биздин улутту улут кылып сактап турган эң чоң байлыгыбыз” – деп баса белгилеп, кызматкерлерди эне тилибизди урматтоого, аны үй-бүлөдө, жумушта, коомдук турмушта жигердүү колдонууга үндөдү. Улуттук агенттик мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, өз ишмердүүлүгүндө толук кандуу колдонулушуна өзгөчө көңүл буруп келерин айттып өттү.
Ошону менен бирге, Улуттук агенттиктин документ жүгүртүүсү, расмий кат алышуусу жана ички ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлүп, кызматкерлер “Кыргызтест” системасы аркылуу кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтүп, тиешелүү тастыктамаларга ээ болушкан. Бул биздин мамлекетибиздин тил саясатын иш жүзүндө колдогон аракетибиздин бир далили – деди Равшанбек Сабиров. Иш-чарада кызматкерлер арасында улуу акындардын ырлары көркөм окулуп, тил жөнүндө учкул сөздөр, макал-ылакаптар, жаңылмачтар айтылып, улуттук оюндар уюштурулду.
Мындай иш-чараларды өткөрүү жамааттын патриоттук сезимдерин ойготуп, ынтымагын бекемдейт, өткөндү, азыркыны жана келечекти символдоштурат, тарыхты сүйүүгө жана урматтоого тарбиялайт.