Будапешттеги венгр-кыргыз бизнес-форумунун жыйынтыктары


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Будапешт шаарында венгр-кыргыз бизнес-форумун өткөрүүдө. Бул форум эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө жана ишкерлик кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эл аралык аянтча катары калыптанды.
Иш-чарага Кыргызстандан жана Венгриядан болжол менен 40ка жакын компания катышууда. Мындай кеңири курам чет өлкөлүк бизнескоомчулуктун өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө карай кызыгуусун жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон умтулуусун айгинелейт.
Форумдун негизги максаты — экономикалык кызматташууну чыңдоо, Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу, ошондой эле энергетика, өнөр жай, айыл чарба, логистика, туризм, IT жана башка келечектүү багыттар сыяктуу артыкчылыктуу тармактарга чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган.
Бизнес-форумдун жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Electron Holding компаниясы Кыргыз Республикасынын аймагында кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу боюнча жалпы суммасы 300 млн АКШ долларынан ашык болгон Кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Программада B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өзгөчө орунду ээлейт. Бул жолугушуулар бизнес менен мамлекеттик органдардын түз диалог жүргүзүүсүнө, конкреттүү долбоорлорду талкуулоого жана практикалык чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзөт. Мындай форматтар катышуучуларга жаңы өнөктөштөрдү тез табууга, рыногун кеңейтүүгө жана узак мөөнөттүү кызматташууну бекемдеген келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Форумдун Будапештте өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын эл аралык экономикалык байланышын өркүндөтүүгө салым кошкон маанилүү кадам болуп, өлкөнүн инновацияларга, инвестицияларга жана биргелешкен өнүгүүгө ачыктыгын көрсөтөт.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет жана ийгиликтүү макулдашуулар жаңы долбоорлордун өз ара өсүүнүн ишенимдүү пайдубалы болооруна ишенет.