Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык форум өттү

Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган стратегиялык форум өттү

     

Бүгүн борбордо «Корей–Борбор Азия керектөө товарлары үчүн бизнес аянтчасы – 2025» аталашында ишкердик форум өттү.

Бул иш-чараны Корей соода жана инвестицияларды өнүктүрүү агенттиги (KOTRA) Корея Республикасынын Элчилиги жана «Дордой» ассоциациясынын колдоосу менен уюштурду.

Форумдун негизги максаты — кореялык керектөө товарларын чыгарган компаниялар менен Кыргызстан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрүн жолуктуруу. Мында сөз жөн гана таанышуу жөнүндө эмес, реалдуу коммерциялык сунуштарга, узак мөөнөттүү өнөктөштүктөргө жана корей продукциясынын региондогу рынокторго кеңири чыгышына өбөлгө түзүүгө багытталган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов да катышып, Кыргызстан менен Корея ортосунда көп жылдан бери калыптанган достук мамилелерди жана алардын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп өттү.

«Кыргызстан менен Кореянын байланышы көп жылдардан бери ишенимге жана өз ара колдоого таянат. Биз ар дайым Кореянын технология, инновация жана башкаруу жаатындагы тажрыйбасын жогору баалап келдик. Чындыгында, биздин өнөктөштүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү азыркы жетишкендиктерден кыйла кең», — деди Дамирбек Бикулов.

Бүгүнкү форумдун жыйынтыктары Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы жемиштүү экономикалык кызматташтыктын жаңы барагын ачары күмөнсүз.