Бишкекте америкалык компаниялардын катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүүдө

Бишкекте америкалык компаниялардын катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүүдө

 

2026-жылдын 2–3-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин аянтчасында америкалык эл аралык деңгээлдеги алдыңкы компаниялардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүүдө.

Жолугушуулар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташууну чыңдоого, ошондой эле экономиканын артыкчылыктуу тармактарында ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Америкалык тараптан АКШ–Кыргызстан Ишкердик кеңеши, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча Финансылык корпорациясы (DFC), Невада университети (Рино), Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештер, ошондой эле GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC жана TETHYS: Trans-Eurasian Gateway сыяктуу ири эл аралык компаниялар катышууда.

Эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө инвестиция, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт жана логистика, финансы рыноктору, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү багыттарындагы кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык, технологиялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Ал эми, эртең 3-февралда, Кыргыз Республикасы менен америкалык өнөктөштөрдүн ортосунда инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган кызматташтык жөнүндө бир катар меморандумдарга кол коюу пландалууда.