Бишкек шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун жүрүшүн Бишкектин четинде жайгашкан саркынды сууларды тазалоочу жайда мониторинг жүргүздү.

​Объекттин учурдагы абалына текшерүү жүргүзүлүп, долбоорду аткаруунун негизги этаптары талкууланды. Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бул долбоор Бишкек шаары үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгилеп, ал социалдык жана коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга, ошондой эле экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана шаардык инфраструктуранын туруктуу өнүгүшүнө багытталганын баса белгиледи.

​Ошондой эле Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров аталган долбоорду мындан ары өнүктүрүүнүн жана масштабын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, башка шаарлардын социалдык-экономикалык жана экологиялык муктаждыктарын эске алуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн демилгелерин ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун белгиледи.