Бишкек шаарында Бишкек шаарынын Батыш айланма жолу боюнча МЖӨ долбооруна байланыштуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

Бишкек шаарында Бишкек шаарынын Батыш айланма жолу боюнча МЖӨ долбооруна байланыштуу кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 23-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу жана пайдалануу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Бишкек шаарынын мэриясынын, «Элдик Банк» ААКнын, «Бат Жет» ЖЧКсынын жана Кытайдын China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту.

Меморандумдун максаты тараптардын аракеттерин координациялоо жана борбор шаардын транспорттук логистикасын жакшыртууга, ошондой эле Бишкек шаарынын көчө-жол тармагына түшкөн жүктү азайтууга багытталган инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Тараптар тең укуктуулук, өз ара пайдалуулук жана ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырасташты. Батыш айланма жол долбоорун ишке ашыруу Бишкек шаарынын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартууда маанилүү кадам катары каралууда.