Берлиндеги кыргыз-немис бизнес-форуму

Берлиндеги кыргыз-немис бизнес-форуму

 

Бүгүн, 28-ноябрда, Берлин шаарында кыргыз-немис бизнес-форуму жана Ишкер кеңештин V жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын демилгечилери катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Германия экономикасынын Чыгыш комитети жана Германиянын соода-өнөр жай палатасы катышышты.

Ишкер кеңештин жыйынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын Гамбургдагы ардактуу консулу Карл Элердинг ачты. Алар экономикалык, билим берүү жана технологиялык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө бизнестин кызыгуусун баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргызстан ишенимдүү жана келечектүү өнөктөш позициясын бекемдөөдө стратегиялык инвестициялар үчүн ыңгайлуу учур экендигин белгиледи. Өлкө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты боюнча 68-орундан 22-орунга көтөрүлүп, 90 долбоордон турган 434 млрд сомдон ашык суммадагы портфелди түздү. Ошондой эле, инвестициялар жана МЖӨ жөнүндө жаңы мыйзамдар Борбордук Азиядагы инвесторлор үчүн эң заманбап укуктук системалардын бири болду. Жакында инновацияларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан “Венчурдук каржылоо жөнүндө” мыйзам каралат. Равшанбек Сабиров Германиянын жогорку технологиялык компанияларын кызматташууга жана инвестициялоого чакырды.

Форум эки өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунан, финансылык институттарынан жана ишкер чөйрөлөрүнөн 300дөн ашык катышуучуларды чогултту. Панелдик талкууларда тараптар Кыргызстанда немис модели боюнча кош билим берүү системасын киргизүү, мыйзамдуу жана уюшкан эмгек миграциясы, энергетика, “жашыл” технологиялар, IT, айыл чарба, медицина жана башка тармактарда кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кызматташуу жана мындан ары өз ара аракеттенүү жөнүндө документтердин пакетине кол коюлду.