Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Япония жана Монголиядан келген дүйнөлүк спорттун легендасы, ёкозуна, сумо боюнча 69-жолку чемпион Хакухо Шо баштаган делегация менен жолугушту.
Делегациянын курамына алдыңкы Toyota жана Lexus корпорацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле каржы институттарынын жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү кирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечеги, япон жана монгол бизнесинин Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусу талкууланды.
Улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров стратегиялык демилгелерди сунуштады, анын ичинде:
«Асман Сити» — заманбап шаар куруу стандарттарына ылайык түзүлгөн келечектин акылдуу шаары;
Аймактагы инновациялык жана туризмди өнүктүрүүнүн жаңы кыймылдаткычы болуу максатында иштелип чыккан Тамчы атайын зонасы (АФИА);
Эл аралык маанидеги негизги инфратүзүмдүк долбоор болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу аймак үчүн жаңы транспорттук жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат;
Дүйнөлүк кышкы туризмдин жана спорттук иш-чаралардын борборуна айлана турган Үч чоку лыжа базасы.
Чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жашыл энергетиканы, индустриалдык парктарды, санариптик трансформацияны, туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Япон делегациясы өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана конкреттүү долбоорлорду кароого терең кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын Борбор Азиядагы инвестициялык жана логистикалык хаб катары стратегиялык маанисин баса белгилешти.
Улуттук агенттик бул жолугушуу инвестициялык диалогду чыңдоодо маанилүү кадам болгонун, ошондой эле Япония жана Монголия менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жаңы горизонтторду ачарын белгилейт.
2025-жылдын 3-октябры, Бишкек шаары