Автосервис тармагын өнүктүрүү
Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО «Чуань И») компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы кытай унааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле комплекстүү сервис инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери каралып, Борбордук Азия өлкөлөрүндө дилердик тармакты түзүү жана расмий өкүлчүлүктү ачуу боюнча компаниянын пландарына өзгөчө көңүл бурулду.
Компаниянын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, алдыңкы кытай жана эл аралык бренддердин автоунааларын жеткирүүнү камсыз кыларын жана техникалык тейлөө, финансылык коштоо, каттоо жана транспорт каражаттарын камсыздандырууну камтыган «ачкычка тапшыруу» форматындагы кызматтардын толук спектрин сунуш кыларын белгилешти.
Равшанбек Сабиров унаа секторуна инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор рыноктун өнүгүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү багыттарын кошумча иштеп чыгууга макулдашышты жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.




