Al Mansour Holding делегациясы менен жолугушуу

Al Mansour Holding делегациясы менен жолугушуу

 

Бүгүн, 11-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Катар мамлекетинин Al Mansour холдингинин делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, анын ичинде финансы жана банк секторундагы багыттарды, кендерди иштетүү, агроөнөр жай комплекси, логистика, курулуш жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү багыттарын талкуулашты.

Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө, “Тамчы”, “Ала-Тоо Резорт”, “Асман-сити”, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолдоруна, жеткиликтүү аянтчаларга, индустриалдык жана инфраструктуралык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле инвесторлорду мамлекеттик колдоо чараларына кеңири токтолуп, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттардын бар экендигин баса белгиледи.

Al Mansour Holding өкүлдөрү Кыргызстанда узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке киргизүүгө болгон жогорку кызыкчылыктарын айтып, Борбордук Азиядагы стратегиялык катышуу боюнча өз көз караштарын сунуштап жана конкреттүү долбоордук демилгелерди андан ары иштеп чыгуу үчүн эксперттик топторду жөнөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү жана мазмундуу өткөнүн белгилеп, долбоордук материалдар менен алмашуу жана кошумча консультацияларды уюштуруу аркылуу ишти практикалык форматта улантууну макулдашты.

Тараптар эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу жана даярдыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.