2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин Башчысы Бишкек шаарындагы ЖЧК «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» заводуна иш сапары менен барды.

2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин Башчысы Бишкек шаарындагы ЖЧК  «Кока-Кола Бишкек Боттлерс»  заводуна иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу болуп, компаниянын учурдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды.

Компаниянын өкүлдөрү белгилегендей, ишкана Кыргызстан рыногунда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана мамлекеттик бюджетке салык түшүүлөрдү көбөйтүүгө 113 млн АКШ долларынан ашык инвестиция салган. 2026-жылы компания заводдун ишке киргизилгенине 30 жыл толгондугун белгилейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өндүрүштүк кубаттуулуктарын кеңейтүү боюнча пландарына өзгөчө көңүл бурулду. Бул пландар жабдууларды модернизациялоону жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүүнү камтыйт. Аталган демилгелерди ишке ашыруу өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана ишкананын өлкө экономикасына кошкон салымын арттырууга мүмкүндүк берет.

Тараптар инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик колдоо маселелерин, анын ичинде инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө багытталган стимулдаштыруу механизмдерин талкуулашты. Мындай демилгелер Кыргызстанда өнөр жай потенциалын бекемдөөгө жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Улуттук агенттик компаниянын инвестициялык пландарын ишке ашырууну колдоо максатында колдонуудагы механизмдердин алкагында преференцияларды алуу маселелери боюнча көмөк көрсөтөт.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ири эл аралык жана ата мекендик инвесторлор менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн, компаниянын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында тараптар мындан ары да конструктивдүү диалогду улантууга жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.