2025-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Япониянын ички иштер жана байланыш экс-министри, Кыргыз–Япония экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчисинин кеңешчиси, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Тарутоко Шинжи мырза менен жолукту.

Жолугушууга ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года, Кыргыз Республикасынын Яидзу шаарындагы Ардактуу консулу Мичинори Йоцухаши жана япониялык IB System жана Okikai компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар медицина, билим берүү, маалымат технологиялары жана тоо-кен казып алуу өнөр жайынын тармагындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлордун келечегин талкуулашты.

Япониянын алдыңкы технологияларын колдонуу менен ракты эрте диагностикалоого адистешкен медициналык мекеме түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле учурда Япония стандарты боюнча окутуу боюнча пилоттук билим берүү долбоорун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Тоо-кен тармагындагы долбоорлор боюнча япон тарап бул демилгелерди ишке ашыруу маселелеринде Улуттук агенттик тарабынан көмөк көрсөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар «Борбордук Азия+Япония» саммитинин алкагында пландаштырылган кыргыз-япон бизнес форумуна даярдыктарды, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы инвестицияларды өз ара коргоо жана колдоо боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана Кыргызстандын инновациялык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендигин тастыкташты.