2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А.Сабировдун Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин Түркия Республикасындагы соода өкүлү Эсенгул уулу Чыңгыз менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективалары, ошондой эле улуттук продукцияны тышкы рынокто илгерилетүү боюнча мамлекеттик органдар менен мекемелердин натыйжалуу кызматташуу маселелери талкууланды.
Өз продукциясын экспорттоодо тышкы рыноктун талаптары тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, өнөктөштөрдү табуудагы кыйынчылыктар, маркетингдик изилдөөлөрдүн зарылдыгы сыяктуу кыйынчылыктарга туш болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоо үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө соода өкүлчүлүктөрүн түзүү өлкөнүн тышкы экономикалык кызыкчылыктарын коргоону жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүнү камсыздоодогу маанилүү кадам экенин белгилешти. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, соода өкүлдөрү институту ишкерлерге жардам көрсөтүүнүн жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн натыйжалуу куралы болуп саналат.
Улуттук агенттик өз кезегинде Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнө эксперттик жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жана экспорттук потенциалы боюнча актуалдуу материалдарды берүүгө, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолугушууларды уюштурууга, ошондой эле ата мекендик продукцияны тышкы рынокто илгерилетүү боюнча биргелешкен демилгелерге катышууга даяр.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоо боюнча чараларды макулдашышты.