Skip to main content
直播
Кыргызстан менен LNC Elecom Co. Ltd жогорку технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтет
Кыргызстан менен LNC Elecom Co. Ltd жогорку технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтет
ГЛАВНАЯ
2026年4月23日 08:411 分钟阅读15

Кыргызстан менен LNC Elecom Co. Ltd жогорку технологиялар жаатында кызматташууну кеңейтет

invest.gov.kg 新闻处
官方来源

Эл аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Түштүк Кореянын LNC Elecom Co. Ltd компаниясынын башкы директору Ли Су-Янг ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

LNC Elecom Co. Ltd компаниясы жогорку технологиялык чечимдер жаатында иш алып барат. Анын ичинде кайра жаралуучу энергетика, электромобилдүүлүк, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана коопсуздук системалары бар.

Атап айтканда, компания күн энергиясын өндүрүү жана энергияны сактоо системаларын долбоорлоо, электромобилдер үчүн кубаттоо инфраструктурасын киргизүү жана тейлөө, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, ошондой эле видеобайкоо, имараттарды башкаруу жана мониторинг системаларын киргизүү менен алектенет.

Меморандумга кол коюу жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле инфраструктура жана туруктуу өнүгүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

分享: