Skip to main content
Онлайн
Эл аралык инвестициялык форумга даярдык маселелери талкууланды
Эл аралык инвестициялык форумга даярдык маселелери талкууланды
Эл аралык инвестициялык форумга даярдык маселелери талкууланды
Эл аралык инвестициялык форумга даярдык маселелери талкууланды
ГЛАВНАЯ
25 травня 2026 р. о 08:202 хв читання10

Эл аралык инвестициялык форумга даярдык маселелери талкууланды

Прес-служба invest.gov.kg
Офіційне джерело

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров үстүбүздөгү жылдын 24–25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалыгынын алкагында өтө турган ШКУнун Инвестициялык форумуна даярдык көрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

«ШКУнун Инвестициялык форуму Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын таанытуу, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүү жана жаңы экономикалык байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болот. Биз үчүн иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин, бизнес өкүлдөрүнүн, ошондой эле инвесторлордун ортосунда мазмундуу диалог жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү маанилүү»

Равшанбек Сабиров

Талкуунун жүрүшүндө форумду өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери, эл аралык инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча маселелер, ошондой эле ШКУнун инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу иштери каралды.

Катышуучулар алдыдагы форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестицияларды тартуу жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн маанилүү эл аралык аянтча экенин белгилешти.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариевге өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын чыңдоого жана ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн «Инвестициянын мыктысы» сыйлыгы тапшырылды.

Жолугушуунун катышуучулары ШКУнун Инвестициялык форумун өткөрүү ШКУнун жана Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык потенциалын эл аралык аренада илгерилетүүдө, жаңы инвестицияларды тартууда, ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүдө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болоруна ишеним билдиришти.

Поділитися: