Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Улуттук агенттиктин кызматкерлерин алдыда келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров Нооруз майрамы жаңылануунун, тынчтыктын жана ынтымактын символу экенин белгилеп, жамаатка бакубатчылык, иштерине ийгиликтерди жана алдыга коюлган максаттардын ишке ашышын каалап өттү. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Улуттук агенттиктин кызматкерлери Нооруз майрамынын тарыхына жана салттарына арналган тематикалык викторина уюштурушту. Катышуучулар улуттук каада-салттар жана маданий мурастар боюнча суроолорго жооп беришти. Иш-чара корпоративдик маданиятты чыңдоого багытталып, ошондой эле командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Навигатсия
Ҳамаи бахшҳои портал
$4.1 B
Сармоягузориҳо
180+
Лоиҳаҳо
Дар бораи Агентии миллии инвеститсия
Бахшро интихоб кунед
Зинда
ХАБАР
19 Март 2026 соати 05:111 дақиқа хондан1
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Нооруз майрамын белгилешти
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Улуттук агенттиктин кызматкерлерин алдыда келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров Нооруз майрамы жаңылануунун, тынчтыктын…















