Skip to main content
Зинда
China Energy Conservation Solar Energy Co., Ltd компаниясынын делегациясы менен жолугушуу

ХАБАР
10 Ноябр 2025 соати 14:351 дақиқа хондан1

China Energy Conservation Solar Energy Co., Ltd компаниясынын делегациясы менен жолугушуу

2025-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте China Energy Conservation Solar Energy Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жолугушууга катышып,…

Хизмати матбуот invest.gov.kg
Манбаи расмӣ

2025-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикте China Energy Conservation Solar Energy Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жолугушууга катышып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы мамилелердин стратегиялык мүнөзүн баса белгилеп, өлкөлөрдү ишеним, жакшы коңшулук жана өз ара пайда байланыштырып тураарын белгиледи. Тараптар кайра жаралуучу энергия тармагындагы, атап айтканда, "Ак-Татыр Энерго" ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан 600 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу долбоору боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты. Равшанбек Сабиров Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кытай компанияларынын Кыргызстандагы энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Улуттук агенттик инвесторлорго долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында толук колдоо жана жетекчилик көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Тараптар туруктуу экономикалык өнүгүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы "Бир алкак, бир жол" демилгесинин рухунда стратегиялык кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.

Мубодила: