Skip to main content
Зинда
Бишкек шаарындагы инвестициялык объекттер

ХАБАР
15 Январ 2026 соати 08:351 дақиқа хондан3

Бишкек шаарындагы инвестициялык объекттер

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Бишкек шаарынын объекттерин кыдыруу алкагындагы…

Хизмати матбуот invest.gov.kg
Манбаи расмӣ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Бишкек шаарынын объекттерин кыдыруу алкагындагы иш сапарына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Н. Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан реконструкцияланган кеңсе борбору, «Бишкексельмаш» казанканасы, ошондой эле вьетнамдык Rox Group компаниясы ишке ашырып жаткан ири инвестициялык долбоор — Royal Central Park курулуш аянтчасы каралды. Объекттерди кыдыруу учурунда заманбап архитектуралык жана инженердик чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгү, энергияны үнөмдөө деңгээлин жогорулатуу жана экологиялык стандарттарды сактоо маселелери каралды. Айрыкча инвестициялык долбоорлордун борбор калаанын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү жана ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев мамлекеттин бизнести колдоо жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча саясаты өзгөрбөсүн баса белгиледи. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга маанилүү инвестициялык демилгелерди мындан ары да коштоп жүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мубодила: