Skip to main content
Зинда
Кытайлык инвесторлор менен санариптик технологиялар жана инвестициялар боюнча жолугушуу

ГЛАВНАЯ
15 Апрел 2026 соати 10:151 дақиқа хондан16

Кытайлык инвесторлор менен санариптик технологиялар жана инвестициялар боюнча жолугушуу

Хизмати матбуот invest.gov.kg
Манбаи расмӣ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду.

Жолугушууга Everbeacon Data Intelligence Technology компаниясынын өкүлдөрү катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды иштетүү боюнча чечимдерин сунушташты.

Тараптар санариптик трансформация жаатындагы кызматташуунун келечегин жана жогорку технологиялуу тармактарга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле «акылдуу шаар», санариптик билим берүү жана инфраструктураны башкаруу системалары боюнча тажрыйбага өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын делегациясынын Циндао шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп, биргелешкен долбоорлорду практикалык ишке ашырууга багытталды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мубодила: