Капиталдык оңдоодон кийин заманбап реанимация жана анестезиология бөлүмү ачылды: коммуналдык системалар жаңыланды, палаталар функционалдык керебеттер жана бейтаптарга керектүү жабдуулар менен жабдылды. Долбоор Кыргызстан Эл аралык университети менен биргеликте «Академиялык медициналык хаб түзүү аркылуу Чүй облустук бириккен ооруканасын реконструкциялоо» МЖӨ келишиминин алкагында ишке ашырылууда. Ал инфратүзүмдү модернизациялоо, заманбап техникалар менен жабдуу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү максатын көздөйт. Натыйжада, оорукана үчүнчү деңгээлдеги университеттик клиникага — академиялык медициналык борборго айланат. Инвестициялардын жалпы көлөмү 90 миллион сомдон ашат, келишимдин мөөнөтү 25 жыл
Навигатсия
Ҳамаи бахшҳои портал
$4.1 B
Сармоягузориҳо
180+
Лоиҳаҳо
Дар бораи Агентии миллии инвеститсия
Бахшро интихоб кунед
Зинда
ХАБАР
13 Октябр 2025 соати 04:011 дақиқа хондан1
2025-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович Э.Х. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасында МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
Капиталдык оңдоодон кийин заманбап реанимация жана анестезиология бөлүмү ачылды: коммуналдык системалар жаңыланды, палаталар функционалдык керебеттер жана бейтаптарга керектүү жабдуулар менен жабдылды. Долбоор Кыргызстан Эл аралык университети менен биргеликте «Академиялык мед…

















