Документ өнөктөштүктү түзүү жана инвестицияларды тартууда жана инновациялык финансылык чечимдерди жана санариптик технологияларды ишке ашырууда узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров Кыргызстандын инвестициялык климаты менен тааныштырып, өлкөнүн бизнес жүргүзүүдөгү артыкчылыктарын белгиледи. Тараптар виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү, реалдуу активдерди токендештирүү жана санариптик финансылык инструменттерди жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. NODABANK өз кезегинде санариптик каржылоо жаатындагы тажрыйбасы жана технологиялары менен бөлүшүүгө жана кыргыз экономикасынын негизги тармактарына эл аралык инвестицияларды тартууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Меморандумга кол коюу мамлекеттик мекемелер менен жеке сектордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп калды, ал инновациялык экономиканы өнүктүрүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Navigatie
Alle portaalonderdelen
$6.9 miljard
Investeringen
400+
Projecten
Over het Nationaal Agentschap
Kies een onderdeel
Live
NIEUWS
30 oktober 2025 om 04:561 min lezen8
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жана NODABANK өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документ өнөктөштүктү түзүү жана инвестицияларды тартууда жана инновациялык финансылык чечимдерди жана санариптик технологияларды ишке ашырууда узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвес…







