Ысык-көл облусу

Негизги тармактар: Туризм, Алтын казуу

23.1
миң. кв. км

Жалпы аянты

496.1
миң адам.

Туруктуу калктын саны

64.4
млрд сом

РДП

Регион тууралуу

Ысык-Көл облусу өлкөнүн чыгыш бөлүгүн ээлейт. Анын территориясында атактуу курорттук, суу агып чыкпас Ысык-Көл жайгашкан. Облус түндүк-чыгыш тарабынан Казакстан Республикасынын Алматы облусу, түштүк-чыгыштан – Кытай Элдик Респуликасынын СУАР, түштүк-батышынан – Нарын облусу менен чектешет. Административдик борбору – Каракол шаары.
Рельефтин негизги формаларын – көпчүлүк бөлүгүн көлдүн суулары ээлеп турган Ысык-Көл ойдуңу, аны курчаган Борбордук Тянь-Шань тоолору түзөт. Ойдуңдун түндүк тарабында Күңгөй Ала-Тоо, түштүк жээкти бойлой Терскей Ала-Тоо кыркалары жайгашкан.
Ички бийик тоолуу райондордо Борбордук Тянь-Шань тоолорунун кыркалары өзгөчө бөлүнүп турат, алар: Жетим-Бел, Борколдой, Какшаал-Тоо (мында бийиктиги деңиз деңгээлинен 7439 метр жогору Жеңиш чокусу жайгашкан).
Ысык-Көл облусу 5 райондон жана облуска баш ийүүчү 2 шаардан турат:

  • Ак-Суу району — Теплоключенка айылы.
  • Жети-Өгүз району — Кызыл-Суу айылы.
  • Тон району — Бөкөнбаев айылы.
  • Түп району — Түп айылы.
  • Ысык-Көл району — Чолпон-Ата ш.
  • г. Каракол ш.
  • г. Балыкчы ш.

Регион сааны

496.1
тыс. чел.

Туруктуу калктын саны

247.1
тыс. чел.

эркектер

249
тыс. чел.

аялдар

Экономикалык абалы

245.9
млн. дол. США

ИМПОРТ

14.6
млн. дол. США

ЭКСПОРТ

Чакан жана орто ишканалардын саны:

526
чакан ишканалар

55
орто ишканалар

4100
Чакан ишканалардын кызматкерлеринин саны

2400
Орто ишканалардын кызматкерлеринин саны

62.8
млн. сом

Өнөр жай
201720182019
Пайдалуу кендерди казуу 78.5 74.241.7
Иштетүү өндүрүшү 50787.3 48403.960591.5
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) 2202.0 2299.01503.2
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдык-тарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу 94.8 122.5143.6

1103382
млн. сом

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги
201720182019
Мейманканалардын ишмердиги 469.9 521.5538723
Ресторандардын ишмердиги 521.5 537.2564660

1103382
миң сом

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги
201720182019
Ак-Суу району 30702.0 34728.036445
Жети-Өгүз району 2309.7 2389.52470
Ысык-Көл району 575529.6 621423.9644283
Чолпон-Ата ш. 111032.4 114885134394
Тон району 21668.0 22042.022542
Түп району 2938.0 3087.03198
Каракол ш. 339566.2 355983.0374344
Балыкчы ш. 18700.0 19000.020100

Инфраструктура

Темир жолу

Түндүк-батыштан (Бишкектен) келүүчү темир жол Балыкчы шаарына жетип аяктайт.

Жол тармагы

Негизги автомагистраль (A365) Бишкектен Балыкчы аркылуу өтүп, Нарын облусу аркылуу өтүп Торугартка, Кытайга кетет. A363 шоссеси көлдүн жээгин бойлой өтөт, ал эми A362 көлдөн Казакстанга карай уланат.

Каракол шаары

Каракол шаары – жашоо жана бизнес үчүн ынгайлуу шаар!

Каракол шаары – бүткүл дүйнөгө өзүнүн кооз жаратылышы жана ар түрдүү туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанымал шаар; анын ичинде – лыжа базасы, жер астынан чыкчу ысык суулары, Ысык-Көлү, жана экстремалдык спорттун  түрлөрү, анын ичинде, парапланеризм, тоо велосипеди спорту жана альпинизм бар. Каракол тоо лыжа курорту, КМШ өлкөлөрүнүн арасында эң мыкты беш өлкөнүн тизмесине кирет.

Каракол шаары – Ысык-Көл облусунун административдик борбору. Анын экономикалык потенциалы күчтүү, жана ал Кыргызстанда төртүнчү ири шаар болуп эсептелет.  Каракол шаары өзүнүн айланасындагы үч райондун элине экономикалык жактан активдүүлүккө шарт түзүп турат; ал райондор бул – Жети-Өгүз, Түп и Ак-Суу райондору. Шаардын Мэриясы потенциалдуу инвесторлорго муниципалдык менчиктеги жаңы (greenfield) жана иштеп жаткан (brownfield) инвестициялык лотторду сунуштай алат. Инвесторлорду көп кызыктырган багыттардын арасында – мейманкана жана ресторан бизнеси, тоо туризми, балчылык, мал чарбачылык, сүт өндүрүү, жана ошондой эле,  жашылча-жемиштерди өстүрүү жана кайра өндүрүү.

 Каракол шаарынын Мэриясы сиздин инвестициялык долбооруңуздун ийгиликтүү ишке ашышына толук  колдоо көргөзөт. https://karakolcity..kg/

Балыкчи шаары

Балыкчи шаары – Сиздин инвестицияңыз үчүн сонун жер!

Балыкчы шаары – Ысык-Көл облусунун эң маанилүү чарбалык жана транспорттук борбору болуп эсептелет. Бул шаар – үч багыт бириккен жерде, тагыраак айтканда, Чүй облусун, Ысык-Көлдүн Түндүк жана Түштүк жээктерин камтыган магистралдардын айкалышында жайгашкан. Шаардын стратегиялык жактан жайгашкандыгы – анын соода базарларын жана логистика инфраструктурасын өнүгүшүнө түрткү болгон. Бул базарларда жыл бою активдүү соода жүрүп турат, жана бул базарлар бүткүл Ысык-Көл облусунун элин жана бизнесмендерин тартып турат. Шаар географиялык жактан абдан ыңгайлуу жайгашкан: кичи аралыкта Казакстан менен Кытайдын аралары турат; ошондуктан, бул жер Кыргызстандын түндүк тарабындагы эң маанилүү транспорттук түйүн болуп эсептелет, анткени ал аркылуу темир жол, суу жана автоууналары жүрөт.

Мындан тышкары Балыкчы шаарында тамак-аш өндүрүщү жана кайра жаралуучу энергетика такмартарына инвестицияларды тартып келүүгө ыңгайлуу шарттар бар. Шаардын Мэриясы потенциалдуу инвесторлорго муниципалдык менчиктеги жаңы (greenfield) жана иштеп жаткан (brownfield) инвестициялык лотторду сунуштай алат.  Балыкчы шаарынын Мэриясы инвесторлорго өз тарабынан тажрыйбасы бар жумуш күчүн жана өнүккөн инфраструктураны сунуштай алат, жана ошондой эле, инвесторго болушунча  толук колдоо көрсөтүүнү мойнуна алат. Ал колдоонун ичинде – преференция берүү (өзгөчө укук)  жана  инвесторлорду колдой турган алдыңкы программа кирет. https://balykchy.kg