Кыргыз-түрк мамилелери жогорулоодо

2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Р.А. Сабиров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейин Коч менен жолугушуп, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Жолугушууда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабиров С.Н. Жапаров президенттик кызматка келгенден кийин кыргыз-түрк алакаларынын жаңы деңгээлге чыкканын билдирди. Ошондой эле, агентикке “улуттук” статусу берилгенин, бул болсо мындан ары түздөн-түз президенттин алдында жумуш алып барууга мүмкүнчүлүк берерин, ошол эле учурда инвесторлор үчүн керектүү болгон бардык жагымдуу шарттар түзүлөрүн белгиледи.

Равшан Сабиров, “кыргыз-түрк калктары боордош жана бир тууган элдер. Биз Түркиянын мамлекеттик жеке өнөктөштүк жана инвестиция жаатындагы тажрыйбаларын колдонууга кызыкдарбыз. Кыргызстан Жибек жолунун тоомунда жайгашкан өлкө. Учурда агенттиктин концепциясы даярдалууда. Бирдиктүү терезе системасын киргизип, инвесторлорго тиешелүү бардык маселелерди бир жерден чечиле тургандай кылабыз” деди.

Өз кезегинде, Түркия Республикасынын Элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейин Коч, Улуттук агенттиктин түзүлүшү түрк тарабынан жылуу кабыл алынганын жана контр-өнөктөшү болуп саналган Түркиянын Президентке караштуу Инвестициялар боюнча офиси боюнча маалымат берди. Ошондой эле, Улуттук агенттик менен Инвестиция офисиинин өз ара кызматташуусун жолго коюуну сунуштады.

Мунун менен бирге, Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору Р.А. Сабиров приоритеттүү долбоорлордун катарына энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке киргизүүнү жана алдыга жылдырууну атады. Ушуну менен бирге, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) катышуусу ата мекендик ишкерлер жана инвесторлор үчүн өндүрүлгөн продукцияларды 186 миллиондук көлөмдөгү рынокко сатуу мүмкүнчүлүгүн берерин айтты. Ошондой эле, Р.А. Сабиров түрк тарапты Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция салууга чакырып, медициналык туризм тармагында жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.

Ал эми Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Соода өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Хусейин Коч эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу жана түрк инвесторлорун Кыргызстанга тартууга ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн жана про активдүү түрдө кызматташууга даяр экенин айтты.
#Улуттукагенттик#ивестициялар#
——————————————————————-