Новотел Бишкектин ийгилигинин тарыхы

Новотел Бишкек Сити Центр, Аккор Групптун бөлүгү болуп саналат. Аккор бул француз компаниясы, ал 1967-жылы негизделген. Ал жалпы саны 280,000 жумушчусу бар 100 өлкөдөгү 4800 отелге ээлик кылат. 2018-жылы компаниянын кирешеси 3.61 миллиард АКШ долларын түзгөн. Аккор Групптун отелдери Софител (люкс класстагы отелдер), Пуллман (жогорку класстагы отелдер), Новотел (орточо класса отелдер) жана башка деген сыяктуу класстарга бөлүнгөн.

Алгачкы Новотел 1967-жылы Лилль деген француз шаарында негизделген. Анда 25м2 аянты менен бир типтүү 62 бөлмө болгон. Эми, 2019-жылы Новотел Бишкекте ачылып жатат. Ал заманбап дизайндагы номерлерге эс алуучуларды ыңгайлуу жайгаштырууну жана борбор шаардын башкы ажайып жайларына оңой жетүүнү камсыздайт. Ошондой эле, отелдин ичинде ар түрдүү ашканалары менен ресторандар жана эс алуу үчүн спа-борборлор бар.

Новотел Бишкек Сити Центрге болгон инвестициялардын көлөмү 25 миллион АКШ доллар деп бааланып жатат.