Юнайтед Цемент Групптун ийгилигинин тарыхы

Юнайтед Цемент Групп — бул ачык акционердик коом, ал 10.266 миллион акциялары менен Кыргыз фондулук биржада жайгашкан. Акциянын баасы 8.2645 сом.

1964-жыл, Юнайтед Цемент Групптун Кыргыз Республикасынын чегинде да жана чегинен тышкаркы жакта дагы ийгиликтерди алып келген жогорку сапаттуу, талап кылынган азыктар өндүрүлгөн тарыхынын башталышы болуп саналат. Завод болгон бардык убакытта, 1964-жылдан 2018-жылга чейин 46 миллион тонна цемент өндүрүлгөн. Нарын дарыясындагы каскад суу электр станциясы, Талас жана Сокулук дарыяларындагы дамбалар, Кыргыз Республикасындагы аэропорттор жана Байконур аэродромунун комплексиндеги имарат Юнайтед Цемент Групптун цементинин эсебинен курулган.