Хаятт Ридженсинин ийгилигинин тарыхы

Хаятт корпорациясы бүткүл дүйнө боюнча эң алдыңкы отелдердин бири болуп саналат. Ошондой эле Гранд Хаятт, Парк Хаятт, Хаятт Ридженси, Классик Резиденс жана башка сыяктуу көптөгөн отелдик идеялар иштелип чыккан.

2009-жылы Хаяттын акциялары Нью-Йорк фондулук биржасында ачык соодага коюлган. Акциялар келечектеги өсүүнү өбөлгөлөө үчүн капиталдын бекем базасын эле камсыздабастан, ошондой эле инвесторлор, иштеп чыгуучулар жана коомчулук үчүн Хаяттын иштөөсүнүн кабыл алынышынын жаңы деңгээлин ачты. Бүгүнкү күндө Хаяттын капиталдаштыруусу 105.33 миллион акциялары менен 7,754.63 млн. АКШ долларын түзөт.

Кыргыз Республикасында Хаятт Ридженси башында «Кыргызстан» деген советтик отель болгон, ал 1971-жылы салынган. СССР урагандан кийин отель оңдолуп, анын көрүнүшү баштан-аяк өзгөргөн. Азыркы учурда бул Бишкектеги жалгыз эл аралык, 5 жылдыздуу люкс отели. Ошондой эле, отелдин аймагында эң мыкты «Кростини» деген Орто-Жер деңиздик ресторан жана «Опера» деген бизнес лаундж бар.