ПепсиКонун ийгилигинин тарыхы

2000-жылдын октябрынын аягында Вимм-Билль-Данн компаниясы БишкекСүт сүт азыктарынын компаниясындагы акциялардын контролдук пакетин алган.

2002-жылы продукциялардын көлөмү саатына 8 тонна УЖТ-сүт болгон. Бул азыкты тармакка киргизүү коңшу өлкөлөргө – Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга экспортоонун көлөмүнүн көбөйүшүнө мүмкүндүк берген.

2010-жылы ПепсиКо 3.8 млрд. жакын АКШ доллар суммага Вимм-Билль-Данндын 66% акцияларын алган. Вимм-Билль-Данндын акцияларынын наркы 5.2 млрд. АКШ доллар деп бааланган

Вимм-Билль-Даннды сатып алуу ПепсиКону тамак-аш жана суусундуктарды өндүрүүчү эң чоң компания, тез өсүүчү сүт секторунда лидер кылды.

Вимм-Билль-Данндын продукцияларын ПепсиКонун продукцияларына кошуу финансылык жактан пайдалуу болгон жана келечекте сүт тармагында өсүү үчүн бекем пайдубал курууга мүмкүндүк берди.