Конкурстук комиссия боюнча Экинчи Жыйын

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Биринчи жолу аймактарды өнүктүрүү үчүн максаттуу каржылоо жүзөгө ашырылууда жана буга өзгөчө критерийлер талап кылынат

Биринчи жолу аймактарды өнүктүрүү үчүн максаттуу каржылоо жүзөгө ашырылууда жана буга өзгөчө критерийлер талап кылынат. Аймактарды өнүктүрүүнү каржылоо максатындагы долбоорлорду даярдоодо ар бир региондун шарты эске алынат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров инвестициялык бизнес долбоорлорду, инфраструктуралык жана өнүгүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясынын кезектеги жыйынында билдирди.

«Долбоорлорду тандоодо алыскы аймактардын каржыга жеткиликтүүлүгү, жергиликтүү чийки зат менен эмгек ресурсун колдонуу, экспорт менен инновациялык багыттар боюнча критерийлер эске алынат», – деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Сынак комиссиясынын катчылыгынын милдети жүктөлгөн Инвестиция тартуу боюнча агенттиктин маалыматы боюнча, алгач май айынын аягында аймактардан 80 долбоор келип түшкөн. Мындан тышкары жакында эле түзүлгөн «Аймактардын өнүктүрүүсүн каржылоо долбоорлорунун борбору» ААКтан 14 долбоор түшкөн. 
Ошол эле учурда аймактардан келип түшкөн бир да долбоор каржы-финансылык мекемелери тараптан жактырылган эмес. Себеби бекитилген критерийлерге жооп берген жок.

Отурумда долбоорлордун сапаты – кооздолгон бизнес-пландар эмес, ар бир региондун уникалдуу артыкчылыктарын өнүктүрүү принциптерине дал келиши керектиги айтылды.

Вице-премьер-министр Аскаров долбоорлорду сапатуу даярдоо үчүн арыз бергендерге кеңеш берүү үчүн облустар менен иштей турган кредиттик мекемелерди бөлүштүрүүнү сунуштады.

Вице-премьер-мсинистр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен ААК «Кепилдик фонд», Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, ААК «РСК Банк» жана ААК «Айыл Банк» адистерин долбоорлорду түзүүгө кеңеш берүү үчүн аймактарга жөнөтөт.

«Долбоорлорду тандоодо негизги роль Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө берилет, – деп белгиледи вице-премьер-министр Замирбек Аскаров. – Бюджеттен каржылоо үчүн долбоорлорду туура тандоо – бул ар бир губернатордун милдети, ошондуктан буга чоң жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңар».

«Биздин өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аймактарды өнүктүрүү максатында мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүүдө. Биз бул каражатты кантип туура колдонуу керектигин көпкө ойлонуп, долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу каржылоо керек деген чечимге токтолдук. Бизнес мурдагы жолун улап жана башка облустардын кызыкчылыгын эске алуу менен ар бир региондун кластерин өнүктүрүү боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу керек», – деп вице-премьер-министр сөзүн жыйынтыктады. 
Бюджеттен бөлүнө турган 2 млрд сом «Аймактардын өнүктүрүүсүн каржылоо долбоорлорунун борбору» ААК аркылуу он жылдык мөөнөткө жылына 6% үстөк менен берилет. Ошол эле учурда кошумча каржылоого кредиттик мекемелер дагы катышат.

Жыйындын соңунда сынак комиссиясы 200млн сомдук 4 долбоорду жактырды. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн сунушун эске алып, 3 жуманын ичинде финансылык-кредиттик мекемелердин адистеринин катышуусу менен калган долбоорлорду иштеп чыгуу, аны бекитилген регламент боюнча катчылыкка жөнөтүү тапшырмасын берди.