ИжКБА жөнүндө

Биздин кызмат көрсөтүүлөр

Агенттик чет өлкөлүк компанияларга Кыргыз Республикасында өз бизнестерин түзүү жана жүргүзүүгө жардам берүү үчүн бир топ кызматтарды көрсөтөт.

Биз сиздердин алгачкы байланышуучу адамыңар болуп саналабыз, биз маалымат беребиз, сиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөрдү баалайбыз жана инвестициялык процесстерди жеңилдетебиз.

Биз маалыматтардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң мыкты борбору болуп саналып, Кыргыз Республикасында бизнести жана изилдөөчү ишмердикти түзүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткан чет өлкөлүк компаниялар үчүн атайын иштелип чыккан чечимдерди беребиз.

Биз кызматтарды акысыз жана толук купуялуулук шарттарда көрсөтөбүз.

Биз Кыргыз Республикасы атаандаштык өзгөчөлүккө ээ болгон туризм, жеңил жана агрардык өнөр жай чөйрөсүнө, маалыматтык жана коммуникациялык технологияларга, жаңыланып турган энергия булактарына багыт алабыз.

Буга кошумча, өлкөнүн экономикасы тез өнүккөн пайдалуу географиялык абалы Кыргызстанды Борбордук Азиядагы инвестициялык ишмердик үчүн эң мыкты порталы кылат.

Биздин кызмат көрсөтүүлөр жана чечим өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кыргыз Республикасындагы бизнестин же изилдөө ишмердигинин инвестициялык долбоорлорун жайгаштыруучу жеке стратегияны;
  • Стратегиялык артыкчылыктарды, иштиктүү жагдайды, инвестициялык кызыгууну жана материалдык, адамдык ресурстарды бөлүштүрүү сыяктуу факторлорду кошкондо Кыргыз Республикасындагы ишкердик ишти уюштурууга тийиштүү маалыматты жана талдоону берүү;
  • мүмкүнчүлүктүү өнөктөштөр, мамлекеттик бийликтин органдары жана изилдөө институттары менен өз ара кызматташууну камсыздоо;
  • Тааныштыруу турларын пландоо;
  • Кыргыз Республикасындагы сиздердин ишмердикти уюштурууга тажрыйбалык жардам;
  • Бизнесиңиздин өнүгүшүнө жардам берүү үчүн ишке киргизгенден кийин иштелип чыккан схемалар.