Газпром Нефть Азиянын ийгилигинин тарыхы

Газпром Нефть Азия 2006-жылы катталган Кыргыз Республикасындагы эң чоң мунай трейдерлеринин бири болуп саналат. Компаниянын негизги ишмердиги — бул мунай заттарды дүң жана чекене сатуу. 2006-жылдан 2017-жылга чейин Газпром Нефть Азия 5.5 миллион тоннадан көп жогорку сапаттагы продукцияларды Россия Федерациясынан алып келип, саткан. Ошондой эле, ушул убакытка чейин компания мамлекетке 36 миллиард сомдон көп салык төлөгөн. Бүгүнкү күндө Газпром социалдык жоопкерчилик боюнча абдан көптөгөн программаларды ишке ашырган. Мисалы, 2009-жылы компания Кыргыз-Россия Славян университетиндеги нанотехнологиялык лабораторияларды каржылаган, ал студенттердин практикалык сабагына эң эле зор салым кошкон. Мындан тышкары, компания 2008-2014-жылдары 5 миллион сомдон көп суммада студенттердин стипендияларын каржылаган.

2010-жылы Газпром Нефть Азияда продукциялардын сапатын сертификациялоо жана баалоо боюнча жеке менчик метрологиялык борбору түзүлгөн. 2010-жылдан 2017-жылга чейин компания лабораториялар үчүн заманбап шаймандарды сатып алууга 30 миллион сомдон көптү инвестициялаган. Бул лабораториялардан 95000ден көп мунай зат тесттен өткөн.