Skip to main content
ცოცხალი
Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

ᲡᲘᲐᲮᲚᲔ
6 მარტი, 2026, 06:481 წუთი წაკითხვისთვის4

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы соода платформасынын Nanjing…

პრეს-სამსახური invest.gov.kg
ოფიციალური წყარო

Бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы соода платформасынын Nanjing Huayuan Cultural Technology Development Co., Ltd. компаниясынын башкы директору, ошондой эле Tianshan Investment жана Silk Road Construction компанияларынын өкүлдөрү катышты. Тараптар Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын илгерилетүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анын ичинде инвестициялык долбоорлорду жана «Асман шаар» долбоорун Кытай Эл Республикасынын аянтчаларында таанытуу үчүн презентациялык сессияларды өткөрүү маселелери каралды. Ошондой эле Кытай Эл Республикасынан потенциалдуу инвесторлорду тартуу жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу иштери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну улантуу жана инвестицияларды тартуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

გაზიარება: