2025-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында жылдын маанилүү эл аралык иш-чараларынын бири — кыргыз-герман бизнес-форуму «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» жана Кыргыз-Герман Деловой кеңешинин IV жыйыны өткөрүлөт. Иш-чара «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Республикасынын Президенттин №2 мамлекеттик резиденциясында өтөт. Форумдун уюштуруучусу — Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик. Эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Куттуктоо сөзү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Германиядагы Кыргыз Республикасынын ардактуу Башкы консулу, профессор, Немец-Кыргыз ишкердик кеңешинин тең-төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммель чыгышат. Форумдун программасында эки тематикалык панелдик сессия каралган: «Германо-кыргыз экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетика тармагындагы долбоорлор» — «жашыл» энергетика жана инфраструктура боюнча өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү; «Өткөөл мезгилдеги экспорттук потенциал жана логистика: Ортоңку коридордун мүмкүнчүлүктөрү» — соода жолдорун өнүктүрүү жана логистикалык чынжырларды заманбап чакырыктарга ылайыкташтыруу маселелери. Түштөн кийин Кыргыз-Герман Деловой кеңешинин жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катышат. Башкы тема — «Кыргыз-Герман соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы: Өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары финансы». Форум мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөнүн, тармактык бирликтердин, эл аралык уюмдардын жана инвесторлордун өкүлдөрүн чогултат. Иш-чаранын максаты — экономикалык диалогду жандандыруу, соода жана инвестициялык байланышты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо. Маалымат үчүн: Кыргыз-Герман Деловой кеңеши биргелешкен долбоорлорду координациялоо, бизнести колдоо жана эки тараптуу инвестицияларды стимулдаштыруу үчүн түзүлгөн. Чолпон-Атадагы форум бул кызматташуунун өнүгүшүндө маанилүү этап болуп саналат.
ნავიგაცია
პორტალის ყველა სექცია
$4.1 მლრდ
ინვესტიციები
180+
პროექტები
ეროვნული სააგენტოს შესახებ
აირჩიეთ სექცია
ცოცხალი
ᲡᲘᲐᲮᲚᲔ
22 სექტემბერი, 2025, 04:082 წუთი წაკითხვისთვის2
Кыргызстан менен Германия бизнес кызматташууну чыңдашат: Чолпон-Атада бизнес-форум жана Деловой кеңештин жыйыны өтөт
2025-жылдын 26-августунда Чолпон-Ата шаарында жылдын маанилүү эл аралык иш-чараларынын бири — кыргыз-герман бизнес-форуму «Кыргызстандагы Германия экономикасынын күнү» жана Кыргыз-Герман Деловой кеңешинин IV жыйыны өткөрүлөт. Иш-чара «Рух Ордо» маданий борборунда жана Кыргыз Р…


