Өзбек өнөктөштөр менен биргеликте ишкана куруу боюнча талкуулар болуп өттү.

19.09.2017
Өзбек өнөктөштөр менен биргеликте ишкана куруу боюнча талкуулар болуп өттү.

19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экпортту  илгерилетүү бонча  мамлекеттик агентствосунун директорунун орун басары Адилбек уулу Шумкарбектин  Ош шаарына болгон эки кундук  иш сапарында  ОсОО "Акфа Центр ЛТД"жетечиси С. Мирзаев менен жолугушту.

Жолгушууда  өзбек өнөктөштөр менен биргеликте ишкана куруу боюнча талкуулар болуп өттү. Бүгүнкү күндө өзбек өнөктөштөр менен биргеликте баасы  500 000 АКШ долларын түзгөн пластикалык, алюминий терезе, эшик, витраждарды топтоо ишканасы курулуп жатат. Өзбек тарап техникалык жабдуулар менен камсыз кылып, кыргыз тараптан  ишкана учун имарат куруп берүүдө.

Жогоруда аталган компания 2017 жылдын сентябрь айында  баасы 1 002 000, 00 $ АКШ долларын түзгөн келишимди  айнек чыгаруучу заводу АО "Кварц" (Кувасай шаары, Фергана областы, Өзбекстан республикасы). менен түздү, бул аталган суммага айнек продуктулары менен камсыз кылуу. Андан сырткары баасы 5 000 000 $ АКШ долларына ООО "Techno Export" электрбыттык товарлары менен камсыздоо боюнча  келишим түзүлгөн

Жолугушууда компаниянын башчысы С.Мирзаев Кыгыз Руспубликасынын  Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экпортту  илгерилетүү бонча  мамлекеттик агентствосунун директорунун орун басары Адилбек уулу Шумкарбекке  бардык объектерди ( дукондорду, складдарды жана офистик мейкиндиктерди)  жана СП алкагындагы курулуп жаткан объекти көрсөттү.  Курулуш иштери 2017 жылдын октябрь айынын аягында аяктайт.