Региондор

Бишкек шаары

Бишкек шаарында республиканын калкынын дээрлик бешинчи бөлүгү жашайт. Бишкек Кыргызстандын ишкер жана маданий борбору болуп саналат. Бул жерге негизги материалдык жана эмгек ресурстары топтолгон, заманбап инфраструктура жана коммуникациялар бар. Шаарда көпчүлүк
министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мамлекеттик комиссиялар жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр жана инвесторлор менен иштешкен республикалык маанидеги  административдик ведомстволор топтолгон.

Чүй областы

Чүй областы Кыргыз Республикасынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Түндүк жана батыш жагынан област Казахстан менен түштүк-батышта — Талас, түштүктө — Жалал-Абад жана Нарын, чыгышынан— Ысык-Көл областтары менен чектешет. Областтын курамына 8 административдик райондор (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык- Ата) кирет. Токмок шаары областтык башкарууда турат, райондордо 3 шаар  (Кант, Кара-Балта, Шопоков), шаар тибиндеги 6 посёлок (Ак-Түз, Кайыңды, Кашка, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар. Областтын аймагында республиканын борбору Бишкек шаары жайгашкан. Областтын калкынын саны—770,8 миң адам (1999-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун маалыматтары боюнча Бишкек шаарынын жашоочуларынан тышкары), ээлеген аянты 20,2 чарчы чакырымга барабар. Областтык борбору — Бишкек шаары.

Пайдалуу географиялык абалы, салыштырмалуу түз рельефи, жагымдуу кыртыш-климаттык шарттары областта өндүрүштүк күчтөрдүн интенсивдүү өнүгүүсүнө көмөктөшөт. Бул  республикадагы көп тармактуу элдик чарбалык комплексте түзүлгөн жогорку деңгээлде өнүккөн экономикалык аймак.

Талас областы

Талас областы республиканын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан жана Кыргыз жана Талас Ала-Тоо тоолору менен чектелген. Ээлеген аянты 400 чарчы чакырымды түзөт, бул республиканын жалпы аймагынын 6 пайызына барабар. Област Казакстандын чек арасынан Талас Ала-Тоо чыгыш аймагына чейинки 210 чакырымга жайгашкан Талас өрөөнүн ээлейт.

Областтын эң эле кеңири жерлери – болжол менен 70 чакырым кеңдикте. Област Казакстан менен түндүк жана батышында, Жалал-Абад областы менен – түштүк жана чыгышта жана Чүй областы менен чыгышта чектешет. Ошондой эле Өзбекстан менен түштүк-чыгышта кууш чек ара өтөт.

Областка негизинен Казакстан аркылуу өнөр жай борбору болгон Жамбыл шаары аркылуу киришет. Ошондой эле Бишкек-Ош жолуна областтын чыгышындагы Өтмөк ашуусу аркылуу кирүүчү жол бар.

Талас областы айыл чарбасын калыбына келтирүү, кайра иштеп чыгуучу ишканаларды өнүктүрүү жана минералдык ресурстарды андан ары өнүктүрүүдө экономикалык өсүш үчүн жакшы потенциалга ээ болгон аймак катары каралышы мүмкүн.

Ысык-Көл областы

Ысык-Көл областы Кыргыз Республикасынын чыгышында жайгашкан, батышында Нарын жана Чүй областтары менен, түндүгүндө Казакстан Республикасы жана түштүк-чыгышында Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Областтын аянты 43,5 миң чарчы чакырымды түзөт, анын ичинен 67 пайызын тоолор,  10 пайызын - түздүктөр, 23 пайызын – Ысык-Көл көлү ээлейт. Аймактын чыгыштан батышка карай узундугу 390 чакырым, түндүктөн түштүккө чейин – 210 чакырым. Областтын калкы 421,1 миң адамды түзөт. Областтык борбору 68,7 миң калкы бар Каракол шаары.

Ысык-Көл эчактан бери эле өзүнүн жаратылыш-климаттык жана кереметтүү шарттары, ыңгайлуу географиялык жайгашуусу жана кайталангыс сулуулугу менен өзүнө тартып келген.

Областтын башкы кооз жайы Ысык-Көл көлү болуп саналат. Көлдүн аянты 6236 чарчы чакырым, узундугу 178 чакырым, максималдуу кеңдиги 60,1 чакырым, максималдуу тереңдиги 668 м, деңиз деңгээлинен 1607,9 м бийик, суунун көлөмү 1738 куб.м. Ысык-Көл көлү Кыргызстандын эле эмес, ошондой эле бүткүл Борбор Азиянын дагы сыймыгы. Анын айланага керилип жаткан эң эле укмуштуу сулуулугу көптөгөн жүз жылдардан бери акындарды шыктандырып келет.

Нарын областынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Туризм

Нарын мамлекеттик коругу Нарын областынын чыгыш бөлүгүндө Нарын-Тоо тоо кыркаларында Нарын дарыясынын орточо агымында жайгашкан. Коруктун аянты  36,9 миң гектарды., коргоо же буфердик аймагы 53,4 миң гектарды түзөт.
Коруктагы коргоо объектилери ички Тянь-Шандын уникалдуу жаратылыш комплекстери болуп саналат. Бул бийик тоолуу карагайлуу токойлор, бийик тоолуу жайыттар, мөңгүлөр жана башка системалар. Бул жерде канаттуулардын 45тен ашуун түрү жана сүт эмүүчүлөрдүн 21 түрү, анын ичинде республиканын кызыл китебине киргизилген ак илбирс, марал, аюу, аркар, сүлөөсүн, бүркүт, ителги, орок тумшук, сакалчан, жору сыяктуулар белгиленген. Өсүмдүктөрдүн 1800гө жакын түрү өсөт. Нарын мамлекеттик коругу  ички Тянь-Шандын жапайы жаратылышы менен тааныштыруу максатында туристтерди тартуу үчүн бардык шарттарга ээ, ал тоонун таза абасы, тунук тоо булактары, укмуштуудай тоо пейзажы жана жаратылышта жапайы жаныбарларды көрүү мүмкүнчүлүгү.  Мындан тышкары коруктун аймагында уникалдуу жаратылыш объектилери жана элдик эпостордо белгиленген тарыхый эстеликтер бар.

Соң-Көл көлүнүн бийиктиги деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Таза суу, таза аба, жыпар жыттуу гүлдөр, дары чөптөр, четин, бөрү карагат, дайыма көгөрүп туруучу Тянь-Шань кызыл карагайлары туристтерге убактысын жагымдуу өткөрүү үчүн кошумча шарттарды түзөт. Көлдө тоо казы, өрдөк, ак чардактын ар кандай түрлөрү жашайт, туристтер боз үйлөргө жайгашат жана аларга улуттук тамактар жана суусундуктар (беш бармак, кымыз, айран ж.б.) сунушталат.

Өнөр жайы

Нарын областынын өнөр жайы энергетика ишканалары, көмүр, тамак-аш, ун чыгаруучу өнөр жай, өнөр жай курулуш материалдарынан турат. Өнөр жайы айрыкча жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүгө, көмүр казып алууга негизделген.

Минералдык-чийки зат ресурстары

Нарын областынын кендери пайдалуу жер кендеринин ар кандай түрлөрүн камтыйт, көп сандаган кендер жана кара (темир), түстүү (алюминий, никель, жез, коргошун), сейрек кездешүүчү (сымап, сурьма, калай, вольфрам) жана баалуу (алтын, платина, күмүш) металлдар, көмүр, металл эмес пайдалуу казып алуучу кендер (баррит, кальцит, асбест, флюорит, андалузит, пегматиттер, гипс, чопо, суглинок (курамында чопо менен кум көбүрөөк болгон топурак), кум-майда таш материалдары, курулуш таштары, акиташ, туз, мумие, зергерчилик жана жасалма таштар), жер алдындагы таза, термалдык жана минералдык суулар бар. Темир (Жетим), алюминий (Сандыктын нефелин сиениттери), вольфрам (Кумбель) жана алтын (Солтонсары жана Кумбел бөксө тоосундагы анча чоң эмес катмарлар) жер кендери таанылган.

Нарын дарыясынын гидроэнергопотенциалы

Нарын областынын жаратылыш байлыктарынын арасында Нарын дарыясынын жогору жактарындагы ири, уникалдуу гидроэнергетикалык ресурстары көңүлдү буруп турат. Нарын – суусунун молдугу боюнча эң эле ири жана республиканын эң эле кубаттуу дарыясы. Анын бассейнинде гидроэнергетикалык ресурстарды жогорку натыйжалуу пайдаланууга жагымдуу шарт түзүүчү шарттар айкалышкан. Бассейндин дарыялары толук изилденбегендиктен жана инженердик-геологиялык шарттардан улам  20 гидростанцияны куруу мүмкүнчүлүгү аныкталган.

Агрардык сектор

Областтын агрардык секторунда мал өстүрүү басымдуулук кылат, анда өз алдынча  субъектилер - фермерлер, малчылар топозду төлдөтүү жана анын башын көбөйтүү менен алектенишет.

Түз инвестицияларды тартуунун негизги максаты топоздун башын көбөйтүү жана алардын породалык жана продукциялык сапаттарын жакшыртуу, топоз багуунун продукцияларын: эт, сүт, тери, жүн, эт-сөөк уну, ал эми медицина үчүн – ички секреция органдарынан жана продуктуларынан канды кайра иштетүүнү өндүрүүнү көбөйтүү болуп саналат.

Жалал-Абад областы

Жалал- Абад областы Кыргыз Республикасынын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Областтын аймагы 33,7 миң чарчы чакырым, бул республиканын жалпы аянтынын 16,9 пайызын түзөт жана деңиз деңгээлинен 1100дөн 3100 м бийиктикке чейин жайгашкан. Жалал-Абад областы түштүк-батышында Өзбекстан республикасы, түндүгүндө Талас жана Чүй областтары, чыгышында –Нарын, Түштүгүндө – Ош областы менен чектешет.

Областтын аймагы 8 административдик-аймактык райондорго: Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул жана Чаткал райондоруна бөлүнөт. Областта 5 шаар, шаар тибиндеги 8 кыштак, 68 айыл кеңеши жана 415 айылдык калктуу пункттар бар. Административдик борбору - Жалал-Абад шаары. Областтын калкынын жалпы саны акыркы маалыматтар боюнча
907,2 миң адамды түзөт.

Өнөр жайы

Жалал-Абад областы Кыргыз Республикасынын 100дөн ашуун ишканалары жайгашкан өнөр жай жактан өнүккөн областтарынын бири. Областтын ишканасы өнөр жайдын дээрлик тармактарынан турат: электроэнергетика, электроника, көмүр, тигүү жана бут ки   йим өнөр жайы, пайдалуу жер кендерин (алтын, мунай, көмүр, газ, волостанит ж.б.),  чалгындоо жана казып алуу, металлды иштетүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, жыгачты иштетүү, машина куруу жана курулуш материалдарын өндүрүү камтылган.

Минералдык ресурстар

Жалал-Абад областы көптөгөн пайдалуу кендерге бай. Шамшыкал жана Тогуз-Торо жер кендеринин таш тузунун жалпы кору 100 млн. тоннадан ашуун. Казып алуу ачык ыкма менен ишке ашырылат. Туз негизинен тоюттук катары пайдаланылат, бирок кызыкдар болгон структуралар менен биргелешип тамак-аш тузун өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар, анткени туздун сапаты буга жол берет жана Кыргызстан азырынча ташып келинген тамак-аш тузунан пайдаланып жатат. Ушул эле туздан эл чарбасынын бардык тармактарында колдонулган химиялык кошулмалардын башка түрлөрүн алууга болот.

Айыл чарбасы

Областтын эл чарбасынын алдыңкы тармактарынын бири агрардык тармак болуп саналат. 

Пахта өстүрүү- областтын айыл чарбасынын экономикалык жактан эң эле пайдалуу тармактарынын бири. 2002-жылы област боюнча 71650 тонна чигит пахтасы өндүрүлгөн. Областта чигит пахтасын кайра иштетүү боюнча пахта заводдор бар. Жалал-Абад областында кызыкдар болгон инвесторлор болсо пахтадан буюмдарды (кездемелерди, ийрилген жиптерди, медициналык кебез ж.б.) чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүгү бар.

Областтын кайра иштетүү өнөр жайындагы негизги багыт пахтаны кайра иштетүү болуп саналат, анткени областтын аймагында пахтаны кайра иштетүү боюнча 10го жакын завод иштейт. Бул заводдордун бардыгы чигит пахтасын баштапкы кайра иштетүү боюнча иштейт. Экономиканы өнүктүрүү, калкты иш менен камсыздоо жана кайра иштетүү өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү максатында пахтадан рафинаддалган пахта майы, медициналык кебез, кездемелер сыяктуу продукция өндүрүү боюнча заманбап технологияларды жайылтуу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга болот. Бул технологияларды жайылтуу менен сатуу рыногу жана  айыл товар өндүрүүчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн чийки затка болгон баалар тууралуу маселе чечилет эле.

Мал чарбачылыгы

Областтын мал чарбачылыгы ири жана майда мүйүздүү малдын терисин, жүнүн, этин сатуу жана чет өлкөлүк инвесторлор менен аларды кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Бирок малдын породалары жакшыртууну, пландуу селекциялык ишти талап кылат. Мал жана адамдардын арасында бруцеллез оорусунун чыгып кетүү коркунучу бар, анткени айрым райондордо жана шаарларда ветеринардык лабораториялар жок, бул малды текшерүүдө кыйынчылыктарды пайда кылат. Буга байланыштуу ветеринардык сервистин ири борборун куруу үчүн инвестицияларды тартуу зарыл.

Туризм

Өзүнүн жаратылыш жана климаттык шарттары, маданий-тарыхый эстеликтер, туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу жерлери бар экендигине байланыштуу Жалал-Абад областы  кыйла көп туристтик потенциалга ээ. Жалал-Абад областында негизинен туризмдин курорттук, дарылоочу сыяктуу түрлөрү өнүккөн.

Ош областы 

Жаратылыш ресурстары

Ош областы жаратылыш ресурстарына бай. Негизги баалуулукту сымап, алтын, көмүр кендери, курулуш материалдары, жер алдындагы таза жана термоминералдык суулар түзөт.

Айыл чарбасы экономиканын реалдуу секторунун башкы тармагы болуп калды. Областтын айыл чарбасынын тармактык структурасында башкысы 2001-жылы үлүшү областтын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) 52,9 пайызын түзгөн өсүмдүк өстүрүүчүлүк (4551,7 млн.сом.) болуп саналат.  Мал чарбасында продукциянын 41,4 пайызы өндүрүлөт.

Областта ар кандай тармактар боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга Россия, Казахстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Корея, Канада, Швейцария, Дания, Германия, Венесуэла ж.б. сыяктуу  жакынкы жана ыраакы өлкөлөрдүн белгилүү фирмалары жана компаниялары катышат.

Баткен областы 

Баткен областы Кыргыз Республикасынын түштүгүндө жайгашкан, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы менен чектешет. Областтын аянты  16,9 миң чарчы чакырымды түзөт. Аймактын чыгыштан батышка карай узактыгы 350 чакырым, түндүктөн түштүккө карай 100 чакырым. Областтын аймагында эки шаар  (Кызыл-Кыя, Сүлүктү) жана үч район (Баткен, Кадамжай, Лейлек). Областтын калкы 398,9 миң адамды түзөт. Областтык борбору 25,3 миң калкы бар  Баткен  шаары болуп саналат. Өнөр жай шаарлары - Кызыл-Кыя жана Сүлүктү. Областтын калкы айрыкча жер иштетүү, мал чарбачылыгы жана бакчылык менен алектенишет. Баткен областы өзүнүн жаратылыш-климаттык шарттары жана Фергана өрөөнүндөгү ыңгайлуу географиялык жайгашуусу, кайталангыс, өзүнчө бир сулуулугу менен тартып турат. Өзгөчө орто кылымдарда бул жерде Фергана өрөөнүнүн  көптөгөн гүлдөп-өскөн, өнүккөн шаарлары болгон жана Улуу Жибек Жолунун бутактарынын бири өткөн, кербендер Баткен аркылуу Самарканд, Бухара, Ташкент, Хива жана  Кашкарга өтүшкөн, бул Фергана өрөөнүнүн экономикасын жана маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшкөн.