Стратегиялык жайгашуусу

Кыргыз Республикасы Евразиялык континенттин эң эле борборунда жайгашкан жана пайдалуу географиялык абалга ээ, бул ага коңшу өлкөлөрдүн  чоң рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Республика Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жана Азия-Тынч океан экономикалык уюмунун ортосунда Борбор азиялык коридор аркылуу транзиттин башкы каттамдарынын бири болуу менен стратегиялык жайгашууга ээ. Республика аймактын эле өлкөлөрү менен эмес ошондой эле ыраакы чет өлкөлүк мамлекеттер менен дагы өз ара ишенимдүү мамилелерди түзүүдө.

Кыргыз Республикасынын чыккан товарлар жалпы саны 2 млрд. адамга жеткен калкы бар рынокторго чыгат.

Республика Россия, Казахстан жана Беларусь Бажы Биримдигине кирүүнү пландап жатат, бул товарлардын чоң рынокко кирүүсүн жөнөкөйлөтүүгө тийиш. Ошентип өндүрүшкө инвестиция салуулар кыйла пайдалуу болот.