Эркин экономикалык аймактар

Кыргыз Республикасынын аймагында 5 эркин экономикалык аймак (ЭЭА) бар:

  1. "Бишкек" ЭЭАсы.  Республиканын борбору – өлкөнүн экономикалык жана саясий борборунда жайгашкан.
  2. "Каракол" ЭЭАсы. Туризмди өнүктүрүү үчүн ири мүмкүнчүлүктөргө ээ.
  3. "Маймак" ЭЭАсы.  Эл аралык транспорттук байланыш жолдорунун кесилишинде ыңгайлуу жайгашкан.
  4. "Нарын" ЭЭАсы. Туризм жана тоо кен казуу өнөр жайын өнүктүрүүдө кыйла потенциалга ээ. Аянты 47 миң чарчы чакырым. Бүткүл өлкөнүн бардык аймагынын болжол менен ¼ бөлүгүн ээлейт.
  5. "Лейлек" ЭЭАсы. Чектеш аймакта соода жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн пайдалуу жайда жайгашкан.

Эмне үчүн ЭЭА?

  • ЭЭА ишканалары дүйнө жүзүнүн 68 өлкөсү менен соода жүргүзөт.
  • Дүйнө жүзүнүн 27 өлкөсүнө экспорттук ташууларды жүргүзмөкчү болууда.
  • 2 жыл ичинде ЭЭАнын дүйнө жүзүнүн өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2012-жылы 347 млн АКШ долларын түзүү менен 3 эсе өстү.

ЭЭАдагы ишмердүүлүктөн болгон пайдалар:

  • Салыктардан, пошлина, төлөм жана чогултуулардан бошотуу
  • Товарларга бажы салыктарынан бошотуу
  • Квота берүү жана лицензия алуудан бошотуу
  • Чет өлкөлүк жумушчулардын чыгуу жана кирүүсүнө жөнөкөйлөтүлгөн режимдин кириши
  • Чарбачылык кылып жаткан субъектини жөнөкөйлөтүлгөн жана тездетилген каттоо
  • Жөнөкөйлөтүлгөн бажы процедуралар
  • Ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон инфраструктурага жол ачуу.