Борбор Азиядагы соода оазиси

1998-жылы Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп ДСУга кирген. Ушул тапта  Республика Борбор Азияда эң эле либералдуу соода режимине ээ.

Акыркы 10 жылдын ичинде дүйнө жүзүнүн өлкөлөрү менен Кыргыз Республикасындагы товар жүгүртүү ИДӨнүн деңгээлинен ашып кетти, бул экономиканын ачыктыгына күбө болот.

2012-жылы Республика 82 өлкөгө товар экспорттоо менен дүйнө жүзүнүн 145 өлкөсү менен соода жүргүздү. Экспорт коңшу өлкөлөргө эле эмес, ошондой эле ыраакы чет өлкөнүн мамлекеттерине дагы багытталган.

НЕГИЗГИ СООДА ТҮЙҮНДӨРҮ

Дордой жана Кара-Суу эки ири базары бүткүл Борбор Азия боюнча негизги соода түйүндөрү болуп саналат. Бул базарлар Кытайдан Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Россияга жана башка өлкөлөргө товарларды реэкспорттоочу пункттар болуп саналышат.

Дордой базары

Кытайдан Казахстан жана Россиянын рынокторуна эл керектөөчү товарлар ал аркылуу келип түшүүчү негизги которуштуруучу пункттардын бири.

Дүйнөлүк Банктын маалыматтары боюнча базарга 800 миң адам (калктын 15 пайызы) түз жана кыйыр түрүндө тартылган. Иш менен камсыздалуу – 54 000ден ашуун адам. Рыноктун товар жүгүртүүсү - 4 млрд. долларга жакын.

Кара-Суу базары

Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү негизги соода түйүнү. Өзбекстан жана Тажикистанга кытай товарларын реэкспорттоочу маанилүү борбор болуп саналат.

16 000 миңден ашуун адам эмгектенет. Сатуулардын бир жылдык көлөмү – 600 млн. доллардан ашуун, алардын көп бөлүгү чет өлкөгө кетет.